Стихи

АПАМА

Бизди  багып, мээрим төгүп Апалык, 

Жүк көтөрдүң Ата ордуна Аталык...

Сен тирүүсүң кагылайын Энекем,

Жашап жүрөм Арбак колдоп, Бата алып.

 Өзүң айткан ак тилегиң акталып,

Сакталууда жан дүйнөмдө, Ак сүтүңдөй тазалык!

 

ТАТТЫКЕМЕ

Таттыбубум аткан таңым, көк асманым,

Армандуу кайталангыс миң дастаным.

Тепселеп душманыңды келе жатат,

Ак куудай сахнада бир басканың.

 

Гүл өссүн жаткан жериң, түнөгүңдө,

Гүлдесте арнап коем күмбөзүңө.

Ай баратат жаңырып кылым боюу,

Сакталасың элиңдин жүрөгүндө.

 

Кыргызымдын чынар терек бүрүсүң,

Кыргызымдын эч бир соолбос гүлүсүң.

Ырахатты элге берип турчу элең,

Ууртуңдан бир жылмайып күлүшүң.

Элиң барда, жериң барда, мен барда,

Каралдым өлгөн жоксуң, түбөлүккө тирүүсүң.

 

АК ЖААНЫМ

Эске түшүп өткөн өмүр жаш чагым,

Чыйралдың го кан жүгүрүп карт жаным.

Жаштыгымды, махабатты жандырдың,

Ак жолтоюм ушул түнкү Ак жааным.

 

Каалабаймын, кереги жок башканын,

Төк жааныңды булут баскан асманым.

Үч уктаса түшкө кирбес Махабат,

Алоолонду ак жолтоюм Ак жааным.

 

Жазгы жамгыр, жылуу жамгыр шашпагын,

Сен аркылуу махабатым тапкамын.

Кош жүрөктөр согуп турду дикилдеп,

Сен күбөсүң ак жолтоюм  Ак жааным.

 

Мен да сездим жүрөктөрдүн какканын,

Бирин бири издеп  жүрүп  тапканын.

Көп жыл өткөн, мындай бакыт сезбегем,

Төкчү дагы ак жолтоюм Ак жааным.

 

Мен да туруп бийигинде асканын,

Махабат деп боюумду ылдый таштадым.

Алоолонуп, кайра күйүп, мен эрип,

Өткүнүңдү эч сезбедим Ак жааным.

 

Эч жалтанбай, махабаттан жазбадым,

Коргошундай эрип кете жаздадым.

Күйүп-жанып тийишкенде эриндер,

Сенин тамчың сактап турду Ак жааным.

 

Ай периштем, Ак келиним тапканым,

Сездим, сездим мен деп жүрөк какканын.

Өмүрүбүз узун болсун дилдер бир,

Бизге дайым тилектеш бол Ак жааным.

Өмүрүбуз узун болсун тилек бир,

Бизге дайым күбө болгун Ак жааным.  

 

ӨМҮРЛӨШ ЖАРЫМ ЖЫПАРАМА

Өмүрлөр өттү теңселип,

Кээ бири өттү белсенип.

Демөөр болчу кээ кезде, 

Жаз дарактай сеңселип.

 

Жашадым дедим туура эле,

Бирок, жүрүптүрмүн кемсинип...

Өзүмдү  барктап-баалаган,

Акыры, Өмүрлөш болбос сенчелик.

 

Таламымды талашкан,

Тагдырлаш болбос сенчелик.

Кирпиктен сезип алыстан,

Жүрөктөш болбос сенчелик.

 

Жүгүмдүн оорун көтөргөн,

Тилектеш болбос сенчелик.

Зоболомду көтөргөн,

Акыры, Замандаш болбос сенчелик!

 

Турмуш жашоо өлчөнүп,

Иштедим Элге белсенип.

Ак иштеп, адал жүрдүм мен,

Келбегенмин менсинип.

 

Колунан келбес "кээ бирөө"...,

Жүргөнсүйт мага теңсинип.

Бирок, иштеди билбейм канчасы,

Жүк көтөрүп менчелик.

 

ЖЫПАРАМ КИМ?

 Жыпарам ким, ал биринчи Жүрөгүмдүн ачкычы,

Жан дүйнөмдүн, өмүрүмдүн сакчысы.

Теңдеши жок, Аялзааттан бир чыккан,

Менин жана балдарымдын бактысы!

Алоолонгон махабат бар өчпөгөн,

Турмушума туш болгону - башкысы.

Сөзүм жетпейт, таттуу сөздү таба албайм,

Бул дүйнөдө Сулуу эне - Жакшысы!

 

ЫР ТОЛКУНДАРЫНА

Бермет Көлүм, Ысык - Көлүм жаным бирге,

Жүрөктө согуп турган каным бирге.

Толкунуңдан, көркөмүңдөн эргүү алам,

Обондорум оболоп, шаңым бирге.

Азыр дагы таазим этип келип турам,

Күч - кубат бересиң сен Асыл демге.

 

Келишти конокторум Бермет Көлгө,

Калат дейм жаркын мүнөз көңүлдөргө.

Ысык - Көлүм кайрат берет, демди берет,

Мээрим менен өмүр улап, өмүрлөргө.

 

Таланттарым төрүмө өт, келе бергин,

Жаратканым жакшылыкты бере бергин.

Ала - Тоом көркүн ачып тосуп алды,

Ырыскыңды Бейиш жерден тере бергин.

 

Ак калпак Кыргыз элим кабагы ачык,

Жаркылдап тосуп алат эшиги ачык.

Келгиле тилектештер Ала - Тоомо,

Ойногула, күлгүлө эркин басып.

 

Маңдайга жазылганын биз көрөлү,

Өркүндөп өсө берсин өнөрлөрү.

"ЫР ТОЛКУН" толкун болуп, ашып - ташып,

Түбөлүккө болсун дайым көрөңгөлүү.

 

Башка улуттан келишти ырым ырдап,

Ойноп - күлүп жүрушөт эркин жыргап.

Вокалисттер "ЫР ТОЛКУНДА" иргелишти,

Жюрилер мыктыларды тандап, ылгап.

Конокторум аман - эсен Элге кайтсын,

Ысык - Көлүм! Узата көр,

Меймандарга ак жол каалап!

 

Мен каалайм жакшы тилек баарыңарга,

Үй - бүлөөң, Ата - эне, сүйгөн жарга.

Көңүл ачык, жаркылдап биз жүрөлү,

Жүрөктөн атып чыккан ырлар барда.

 

Ырымды ырдадыңар тарых кылып,

Көңүлдү көтөрүлтүп жарык кылып.

Ушул ырлар көптөн бери ырдалбаган,

Ойлонтуп не болот деп зарыктырып.

 

Таазим этем, баарыңа тизе бүгүп,

Жаркырап нурлуу болуп, күндөй күлүп.

Таланттар талыкпастан чуркай берсин,

Чыгышсын миңдеп миңдеп сансыз күлүк.

 

Таланттар өсө берсин күн - түн дебей,

Келечек али алдыда азыр жашсың.

Куюлуп жүрөктөрдөн ырлар агып,

Толкун болуп, алоолонуп, оттой жансын.

 

Эргисин, Элим ырдап ар бир үйдө,

"ЫР ТОЛКУНУ" жарык берип ар бир үйгө.

Кыргызымдын ырлары Дүйнө жарсын,

Кубат берип узак жашоо өмүрлөргө.

Ысык - Көлүм, "Манас Ата" ордолорум,

Чыңгыз ордо сакталсын түбөлүккө көңүлдөргө.

 

Досторум, кесиптештер бар бололу,

Сүйүшкөн бир - бирибизге жар бололу.

Достугубуз кылымдарга бара берсин,

Дайыма жүрөктөштөй бир бололу!

 

ОЙЛОНГУЛА

Көтөрмөлөп жараксыз бечелдерди,

Кор кылабыз таланттуу чечендерди.

Кылымдардан келаткан Кыргыз элек,

Карып кылдык Акылман нечендерди.

 

Бурмалап өткөндөгү тарыхтарды,

Бүлбүлдөттүк оттой күйгөн жарыктарды.

Ойлонгула кеч болуп кала электе,

"Манастан" ашкан дагы тарых барбы?!

 

Эсиңе кел! Сындырбагын канаттарды,

Сактап өт Элден чыккан таланттарды.

Кыргызым Дүйнө элине таанылган Эл,

Баракта өткөндөгү тарыхтарды.

 

РАЙКАН, МИДИН, БАЙДЫЛДАГА

Райкан, Мидин, Байдылда,

Төрөлө бербейт аржылда.

Кыргыздын даңкын чыгарган,

Кайрылбайт го миң жылда.

 

Сатира жана лирика,

Сергитет мээни бир кыйла.

Кыргызга нурун чачышкан,

Сатиранын атасы-

Келишпейт эми миң ыйла.

Райкан, Мидин улуусу,

Кичүүсү болот Байдылда.